Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн 26-июнда саат 09:08де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version