Жалал-Абадда жети адамга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Жалал-Абадда жети адамга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Жалал-Абад шаарында ар тармакта эмгеги сиңген 7 адамга «Ардактуу атуул» наамы жана төш белгилери ыйгарылды. Бул тууралуу шаар бийлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш чара бүгүн, 26-ноябрда өткөн. Анда шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мэрдин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев жана бир катар жергиликтүү эл өкүлдөрү катышкан.

Анын жүрүшүндө төмөнкү адамдарга «Ардактуу атуул» наамдары берилген:

Турдали Аманов — СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоонун отличниги;

Санжарбек Берикбаев — Кыргыз Республикасынын спорт чебери, мыкты машыктыруучу, маданияттын мыкты кызматкери;

Суюнбай Жоробаев — СССРдин кайра иштетүү жана өнөр-жай ишканаларынын мыкты кызматкери;

Абдыманап Маташимов — Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;

Жумагүл Эгембердиева — Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги, Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги.

Мындан тышкары бул наамга Ооган согушунун ардагери Абдиллла Арапбаев жана Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Орозали Сартбаев татыган.

[su_image_carousel source=»media: 49743,49744,49745,49746,49747″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>