Майла-Сууда жоголгон 13 жаштагы кыз аман-эсен өзү үйүнө кайтып келгенин анын ата-энеси милицияга билдирген.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин, 29-июлда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Ал өзүнүн тууганы 2009-жылы туулган Жакшыбаева Каныкей Сабыржановнаны табууга жардам сурап кайрылган.
Арыз ээсинин айтымында, кыз 25-июль күнү саат 17:00дөр чамасында Жалал-Абад облусундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Факты электрондук журналга катталып, издөө иштери жүрүп жаткан.
«Азыр милиция иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат», — деп айтылат маалыматта.