Жалал-Абад облусунда тубаса жүрөк кемтиги бар беш балага бекер операция жасалат. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Түштүк Кореянын «Милал» кайрымдуулук фондунун жана «Бости KG» ЖЧКсынын көмөгү менен Жалал-Абад шаарындагы «Med Line Cardio» медициналык борборунда хирургиялык кийлигишүүлөр жүргүзүлөт.
Клиникага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныш Райымжанов жана шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова келип, кайрымдуулук акциясынын уюштуруучуларына жана дарыгерлерге ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле ымыркайлардын операциясы ийгиликтүү болуп, тезирээк сакайып кетишин каалашты.