Жалал-Абаддагы өкмөттүн өкүлү болуп Абсаттар Сыргабаев  дайындалды

Жалал-Абаддагы өкмөттүн өкүлү болуп Абсаттар Сыргабаев  дайындалды

Абсаттар Сыргабаев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул маалыматты өкмөт өкүлүнүн басма сөз кызматы тастыктады.

Ага ылайык, бүгүн саат 14:00дө облустук администрацияда жыйын өтүп, жаңы жетекчи эмгек жамаатына тааныштырылып, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы азыркы өкүлү Нурболот Мирзахмедов өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берет.

Абсаттар Сыргабаев “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңештин депуттагына талапкер болуп катышкан.

Буга чейин Сузак районунун Барпы айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенип келген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>