Site icon Reporter.kg

Жалал-Абаддагы бардык мектептер 1-февралдан баштап толук кандуу иштейт

Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептер 1-февралдан баштап толук кандуу иштейт. Бул тууралуу аталган шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар мектептен билим алууну улантат. Андан тышкары муниципалдык бала бакчалар да дүйшөмбүдөн баштап балдарды кабыл алат. Мындай чечим бүгүн шаардык штабдын жыйынында кабыл алынды. Анда санитардык нормаларды сактоо талабы коюлду.

Exit mobile version