Жалал-Абаддагы нефти базадан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Жалал-Абаддагы нефти базадан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндөгү мунай иштетүүчү нефти базадан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.

Маалым болгондой, өрт тууралуу билдирүү саат 16:01де келип түшкөн. Окуя болгон жерге 6 өрт өчүрүүчү ыкчам топ тартылган. Тилсиз жоо саат 16:34тө чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>