Жалал-Абаддын мэри COVID-19  жугузуп алды

Жалал-Абаддын мэри COVID-19  жугузуп алды

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алды. Бул маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматы Reporter.kg`ге тастыктады.

Маалыматка ылайык, калаа башчысынан COVID-19 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырып, азыр жыйынтыгын күтүп жатышат.

Мекемеден кабарлашкандай, мэрияда иш ыргагы токтогон жок жана кандай тартип колдонулары эми белгилүү болот.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 19-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 132 адамдан аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Натыйжада 19-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны Кыргызстанда 2789 адамга жетти.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>