Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад: Тургундун үйүнөн марихуана табылды — видео

Жалал-Абад шаарынын тургунунун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-сентябрда козголгон кылмыш иштин алкагында М.А.Д. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, баңгизат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы ал кургатылган марихуана экенин көрсөтүп, салмагы 833 граммды түзгөн.

Азыркы тапта кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, бул ишке катышы бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version