Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы Маматаир Кармышаков пневмония илдетинен улам 60 жаш курагында дүйнө салды.
Бул тууралуу Жалал-абад шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков “Фейсбукка” жазды.
Маматаир Кармышаков бул тармакта 24 жыл эмгектенген.
Reporter.kg маалымат агенттигинин жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терен кайгыруу менен көңүл айтат.