«Жалалабатэлектро» дем алыш күндөргө карабай эскирген электр мамычаларын алмаштырууда

«Жалалабатэлектро» дем алыш күндөргө карабай эскирген электр мамычаларын алмаштырууда

«Жалалабатэлектро» ишканасы дем алыш күндөргө карабай эскирген электр мамычаларды алмаштырып, оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, учурдагы кырдаалга байланыштуу жыл сайын аткарып келген ондоп-түзөө жумуштары убактылуу токтотулган.

Бирок, келерки жылга карата бардык объектилерди электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, учурдагы кырдаалга карабастан оңдоо иштери дем-алыш күндөрү өтүп жатат.

Базар-Коргон районунун Суу-Башы айылындагы 1966-жылдары курулган 0,4 кВ чыңалуудагы  аба чубалгысындагы 20 даана эски  жыгач мамычаларды жаңы бетон мамычаларга алмаштырылды. Ушундай эле жумуштар Могол-Коргон, Турпак-Коргон айылдарында улантылып,  А 25 кв мл өлчөмүндөгү элеткр зымдарды А 35 кв мл алмаштырылды.

Ал эми Ноокен районундагы 35/10 кВ “Ленин” көмөк чордонундагы “Сары-Куш” фидеринде капиталдык ондоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп, Аптыртан айылындагы аба чубалгыларга тоскоолдук жараткан бак-дарактар буталды.
[su_image_carousel source=»media: 27054,27053,27052,27051″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>