Site icon Reporter.kg

«Жалалабатэлектронун» кызматкерлери калың карды кечип барып үзүлгөн электр зымдарын улады — сүрөттөр

21-декабрдан 22-декабрга караган түнү, кардын калың жааганынан улам Сузак, Базар-Коргон аймагында жана Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт, Спутник кичи райондорундагы 35 фидерде  электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Аны калыбына келтирүү үчүн күзөттө турган ыкчам топ жеринен иш алып барышканын «Жалалабатэлектро» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган аймактарда кардын калыңдыгы 1 метрден ашат.

“Сузак районунда орточо эсеп менен алганда 2 сааттан 7 саатка чейинки аралыкта  10 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларга электр энергиясы толугу менен берилди. Ал эми 10/0,4 кВ трансформатордук подстанцияларда аба чубалгылар үзүлүп, электр мамычалардын айрымдары кулап түшкөн. Алардын бардыгы калыбына келтирилди.

Орток айылына жетүү үчүн 10 чакырым ат менен жол жүрүүгө туура келди”, — деп жазылат маалыматта.
[su_image_carousel source=»media: 16924,16925,16926,16927″ limit=»36″ slides_style=»photo» crop=»none»]

 

Exit mobile version