Site icon Reporter.kg

Жалалдин Абдувалиев паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону болду  

Кыргызстандык спортчу Жалалдин Абдувалиев Испанияда өткөн триатлон боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды.

World Triathlon Multisport Championships Ibiza турнири 5-7-майда өттү. Кыргызстандык азиздер арасында PTVI категориясында алдыңкы спортчу Артем Шапилов менен күч сынашкан. Катышуучулар 3 км сүзүп, 116 км велосипед тээп, 29,8 км чуркоо керек болчу.

Абдувалиев менен Шапилов аралыкты 7 саат 41 мүнөт 40 секундада (сүзүү – 1 саат 12 секунд, велоспорт – 3 саат 53 мүнөт 16 секунд, чуркоо – 2 саат 39 мүнөт 19 секунд) басып өтүп, 1-орунга ээ болушту.

Абдувалиев 2022-жылы Словакияда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version