Жалган болсо да көрктүү! Автоунаасына жасалма номер таккан айдоочу кармалды – сүрөт

Жалган болсо да көрктүү! Автоунаасына жасалма номер таккан айдоочу кармалды – сүрөт

Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте автоунаасына жасалма номер тагып алган айдоочу кармалганын кабарлады.

18-ноябрда жол инспекторлору Анкара көчөсү менен батыш тарапка бара жаткан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик номери жасалма экендигине шектенип, токтотушкан.   

26 жаштагы К.Т. аттуу айдочунун жана автоунаанын документтерин текшергенде автоунаанын номери жасалма экени аныкталган.

Буга байланыштуу транспорт убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, айдоочу Октябрь райондук ИИББнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 48898,48899″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>