Жалгыз адамды көптөп сабап, тапанча менен аткылаган 3 жигит кармалды — сүрөт

Жалгыз адамды көптөп сабап, тапанча менен аткылаган 3 жигит кармалды — сүрөт

Бишкекте 50 жаштагы кишини сабап, кийин тапанчадан ага ок чыгарган 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

17-октябрда түнкү саат 02:00дөр чамасында Манас проспектисинде кимдир бирөөлөр мушташып жаткандыгы тууралу милицияга маалымат түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери аталган дарекке барганда 50 жаштагы К.З. аттуу жабырлануучу аны белгисиз 3 адам сабап, аягында ага тапанчадан ок чыгарышканын айткан. 

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө аталган адамды сабаган 3 адам кармалган.  Алар 1993-жылы туулган И.Ж. 1989-жылы туулган Ч.Ч. жана 1995-жылы туулган К.А. аттуу жарандар экендиги аныкталган. Ошондой эле кармалгандардын биринин жанынан травматикалык тапанча табылган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

[su_image_carousel source=»media: 44841,44842″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>