Site icon Reporter.kg

Жалил Атамбаев мамлекетке 100 млн сом төктү

жалил Атамбаев

Ички иштер министринин мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалил Атамбаев Ички иштер министрлигинин кызматкери болгон убагында, бир эле мезгилде ишкердүүлүк менен алектенип, 100 миллион сомго кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны өзүнүн жакын туугандарынын атына каттаганы тууралуу тергөөдө аныкталган.

Ошондой эле тергөө менен кызматташууга даярдыгы жана кылмыш иши боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү боюнча, 29-мартта шектүү Ж.Атамбаев 50 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурган.

«Шектүү Жалил Атамбаев бүгүнкү күндө кылмыш ишинде 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берди«, — деп айтылат маалыматта.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы баскычтагы зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин, акыркы процесстик чечимдер кабыл алынып, тергөө мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө аяктары кабарланат.

Белгилей кетсек, Жалил Атамбаев ички иштер органдарында иштеп жатканда мыйзамсыз байыган деп жана башка бир катар кылмыш иштерине айыпталып кармалган. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук кызматынын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылган

Exit mobile version