Жалпы наркы 150 миң $. Аткезчилик жол менен алынып келе жаткан түстүү металлдар кармалды

Жалпы наркы 150 миң $. Аткезчилик жол менен алынып келе жаткан түстүү металлдар кармалды

Аткезчилик менен алынып келе жаткан түстүү металлдардын партиясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-декабрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, чектеш өлкөлөрдүн биринен аткезчилик жол менен Кыргызстандын аймагына түстүү металлдарды алып келүү фактысы аныкталды.

Алдын ала маалымат боюнча, Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөл постунан жалпы көлөмү 27 тоннага жакын түстүү металлдарды (жез, латунь, алюминий) мыйзамсыз жол менен алып келе жаткан жүк ташуучу унаа кармалган.

Алдын ала эсеп боюнча жүктүн базар баасы 150 миң АКШ долларынан ашык болот.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>