Site icon Reporter.kg

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жана өткөрүү мөөнөтү жылдырылды

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жана аны өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 31- мартта билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн брифингде билдирди.

Ал тестирлөөнү өткөрүү убактысы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын турукташканына карап белгиленерин айтты.

ЖРТны тапшыруу жыл сайын  20-майдан кийин башталчу.

Кыргызстандагы билим берүү мекемелери 16-марттан тарта карантинге жабылып, окуучулар жана студенттер кезексиз каникулга таратылган.

Окуучулар үчүн IV чейректеги окуу программасы дистанттык түрдө 8-апрелде башталат.

 

Exit mobile version