Site icon Reporter.kg

Жалпы республикалык тестирлөөнүн күндөрү белгиленди

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев койгон тиешелүү буйрукка ылайык,  2022-жылы абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт.

            I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

            II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

            III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.

Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 2022-жылдын 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт.

 

Exit mobile version