Site icon Reporter.kg

Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды

Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мектеп бүтүрүүчүлөрү 29-февралдан 4-апрелге чейин сынакка жазыла алышат.

Белгилей кетсек, ЖРТ эки этапта — күзүндө жана жазында жүргүзүлөт. Ал ЖОЖдорго өтүү үчүн негизги сынак болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version