Жамалбек Ырсалиев кайра Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.
Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген мурдагы вице-мэр Марат Сазыкуловдун ордуна келди.
Жамалбек Ырсалиев буга чейин эки жолу вице-мэрлик кызматын аркалаган.
Алгач 2020-жылдын 29-октябрында дайындалып, кийинки жылдын июнь айында бошотулган. Экинчисинде болгону эки ай мэрдин орун басары болуп (25-март — 10-май 2022-жыл) иштеген.
Андан кийин «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасын жетектөөгө которулган.
2021-жылдын июль айында ырчы Самара Каримова жана анын күйөөсү менен Ош — Бишкек жолунда жол кырсыгына кабылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз