Site icon Reporter.kg

Жаманкулов: Ысык-Көлдөгү эл аралык туристтик жарманкеге 200гө жакын компания катышат

Ысык-Көл ITF — 2022 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеге 200гө жакын компания катышат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, мындай жарманкелер өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Министр иш-чарага аймактардын өкүлдөрү да катышаарын кошумчалады.

Көргөзмөнүн ачылышы 13-майда саат 18.00дө өлкө жетекчилигинин катышуусунда болот.

Exit mobile version