Site icon Reporter.kg

Жамбылдагы жарылууда каза болгондордун саны 15ке жетти

Казакстандын Жамбыл облусундагы курал-жарак сакталган кампада жарылуу болгон жерден дагы бир кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Муну менен төрт күн мурун болгон кырсыкта өлгөндөрдүн саны 15ке жетти. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, аскердик бөлүктүн, аскерлешкен көзөмөл мекемесинин жана аскердик прокуратуранын кызматкерлери бар. Төрт кишинин сөөгү аныктала элек. Бир адамдын дайыны белгисиз болууда.

26-августта аскердик бөлүктө өрт чыгып, курал-жарак сакталган кампаларда жарылуу болгон. Аскердик бөлүктөн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 98 киши ар кандай жараат алган.

Жергиликтүү акимчилик Тараз шаардык ооруканасында 28 киши дарыланып жатканын, алардын төртөөнүн абалы орточо оор экенин маалымдады. Кампада жарылуу болгондон кийин жүздөгөн киши жакынкы үч айылга эвакуацияланган. Жекшембиде алардын көбү үйлөрүнө кайтып келишти.

Жергиликтүү бийлик 106 турак үй, 12 коммерциялык объект жана үч мектептин имараты зыян тартканын кабарлады.

Коргоо министрлиги кампада 10 жолу жарылуу болгонун ырастаган. Маалыматка караганда, аскердик бөлүктө Арыстан ташылган курал-жарак сакталып турчу. Төрт жыл мурун Арыста дал ушундай кырсык болуп, төрт кишинин өмүрү кыйылган.

Жамбылдагы окуядан кийин Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев кызматтан кетерин билдирген. Жекшембиде коңшу өлкөдө аза күтүү жарыяланган.

Exit mobile version