Site icon Reporter.kg

Жамгыр жаайбы? 18-24-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 18-июлдан 24-июлге чейин Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан  соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында — 18-24-июль аралыгында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Exit mobile version