Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде даярдалган биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минтистрлиги билдирди.
Мюзиклдин бет ачары 12-апрелде саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Мюзикл 17-апрелге чейин сахнада коюлат.
Либреттонун автору жана коюучу-режиссёру — Виктор Фельд
Композитору — КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев
Ырларды жазган акын — Махаббат Молдалиева
Костюмдар боюнча художник-дизайнер — Дөөлөт Рысбаев
Хореографы — КР Эл артисти Анара Нургалиева
Хормейстери- КР Эл артисти Гульбара Маматова
Башкы сүрөтчүсү — Расул Кочкорбаев
Видео контент — Адан Алимбеков.