Site icon Reporter.kg

ЖАМК: Абактарда 6 ай ичинде 60 мыйзамсыз факты катталды (фото)

Акыркы 6 ай ичинде абак жайларда тыюу салынган буюмдарга бөгөт кою үчүн 60 факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды.  Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Учурда 40 иш ЖАМК тарабынан иликтенип бүтүп, райондук сотторго жиберилген. Ал эми 29 ишке 625 000 сомдук айып пул салынган.

ЖАМК бардык адамдарга, соттолгон тааныштарына жолугуу үчүн абак жайларга келген учурда тыюу салынган заттарды алып келбөөгө чакырат. Тыюу салынган буюмдарды абак жайларга киргизүүгө аракет кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 

Exit mobile version