ЖАМК: Абактардагы бардык кызматкерлер коронавируска текшерүүдөн өтүшөт

ЖАМК: Абактардагы бардык кызматкерлер коронавируска текшерүүдөн өтүшөт

Кыргызстандагы түзөтүү жайларынын жана тергөө абактарынын кызматкерлери коронавирусту аныкташ үчүн текшерүүдөн өтүп жатышат. Бул тууралуу “Репортерго” Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз  катчысы Самат Калыков билдирди.

“6-май күнү №1 тергөө абагындагы барыдк кызматкерлер ПЧР тест аркылуу текшерүүдөн өтүшкөн. 7-май күнү №47 түзөтүү абагынын кызматкерлери  коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттен өтүштү. Эми башка абактардагы кызматкерлер дагы текшерүүдөн өтүшөт”, — деди Калыков.

Бүгүн, 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Бишкектеги №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен коронавирус табылганын айтты.

Буга чейин Жаза аткаруу кызматы  №1 тергөө абагынын кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганы тууралуу жазылган маалыматты четке каккан болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>