Site icon Reporter.kg

ЖАМК: Арпачиевге мунапыс берилген эмес

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиевге карата мунапыс колдонулган эмес. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий сайтында айтылат.

Мекеменин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө соттолуучу жатак абакта жазасын өтөп жатат.

Жаңы кодекстер күчүнө киргенден кийин Арапчиевдин иши кайра каралып,  кылмыштын түрү “өзгөчө оордон” “оор” болуп өзгөртүлүп, ага 10 жылдык жаза берилген.

Кылмыштын жаңы түрү анын колониядан жатак абакка которулушуна жол ачкарын негиз кылып Арапчиевдин жактоочусу арыз менен кайрылган.  ЖАМКтын Атайын комиссиясынын чечими менен Арпачиев 2019-жылдын 17-июлунда Чүй облусунун Беловодское айылындагы №45 жатак абагына которулган.

Бүгүнкү күндө Арпачиевдин дагы 3 жыл 29 күн жаза мөөнөтү бар экени айтылат маалыматта.

Белгилей кетек, Жогорку Кеңештин 21-майдагы жалпы жыйынында Кылычбек Арпачиевге мунапыс берилгени айтылган.

Кылычбек Арпачиев 2015-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин жабуу үчүн андан 100 миң доллар пара талап кылган деген айып менен кармалган.

Exit mobile version