Site icon Reporter.kg

ЖАМК Атамбаевдин №1 тергөө абагына которулгандыгын тастыктады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин тергөө абагына камакка алынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына которулду. Маалыматты Reporter.kg`ге  ЖАМКнын басма сөз катчысы Самат Калыков тастыктады.

“Ооба которулду, азыр бул тууралуу маалымат даярдалууда, толук маалымат бир аздан кийин берилет”, – деди Калыков.

Буга чейин «Азаттык» радиосу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошевге таянып, Атамбаевдин №1 тергөө абагынын жетөлөсүнө которулгандыгын жазып чыккан.

Белгилей кетсек, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл 6-октябрга караган түнкү башаламандыкта ал  тарапкерлери тарабынан абактан бошотулуп, 10-октябрда кайра кармалган. 

Exit mobile version