ЖАМК Атамбаевдин №47 абакта тартылган сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди

ЖАМК Атамбаевдин №47 абакта тартылган сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди

Кечээ, 6-ноябрда, өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин №47 абакта тартылган сүрөтү социалдык тармактарда тараган. Сүрөттө мурдагы президент үч киши менен сүйлөшүп турганын көрүүгө болот. Бул сүрөт тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түшүндүрмө берди.

ЖАМКнын маалыматына ылайык, сүрөт ушул жылдын 5-ноябрында тартылып, Атамбаев кечки текшерүүдөн кийин (болжол менен саат 16: 10до), No47 түзөтүү колониясынын административдик аймагында болгон жана башка соттолгондор менен сүйлөшүп турган учурда тартылган.

«Текшерүү учурунда соттолгон 1994-жылы туулган К.Бга таандык уюлдук телефон табылып, алынды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-бөлүгүнүн 30-жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылган. Телефон 1996-жылы туулган А.уулу Д.га тиешеси бар экендиги аныкталды, ал 17 жылга эркинен ажыратылган.

No47 түзөтүү мекемесинин администрациясынын эрежесине ылайык, жогоруда соттолгондор 15 суткага камерага отургузулду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын No47 мекемеси жалпы режимдеги лагерь түрүндөгү мекеме экендигин белгилей кетүү керек», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев ЖАМКтын №1 тергөө абагынан №47 абакка 27-октябрь күнү которулган.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу быйыл 11 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ал Кой-Таш окуялары боюнча соттолууда.

Быйыл 6-октябрга караган түнкү башаламандыкта ал тарапкерлери тарабынан абактан бошотулуп, 10-октябрда кайра кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>