Site icon Reporter.kg

ЖАМК Илмияновдун жатак абакка которулганы боюнча түшүндүрмө берди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жатак абакка которулгандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматта, Илмиянов соттун чечими менен Молдовановка айылындагы №26 жатак-абакка жөнөтүлгөнү айтылат.

«Бишкек шаардык соту 19-июнда жаңы кабыл алынган мунапыс тууралуу мыйзамга ылайык Илмияновдун жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскарткан. Ошондой эле Илмиянов 10 397 235 сом өлчөмүндө салынган айып пулдан кутулган.

Мындан башка Илмиянов өтөй элек жаза мөөнөтүнүн 8 ай 20 күнү «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кыскарган. Мындан кийин анын жаза өтөй элек 1 жыл 4 ай 14 күнү калган.

Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесине ылайык, оор кылмыш кылгандар жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөп бүткөн соң жатак абагына которулат», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Атамбаевдин учурундагы Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болгон Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, өлкөгө жеткирилген.

Башкы прокуратура ага 150 миң долларды алдамчылык менен алган деп “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси менен иш козгогон.

Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча өкүм чыгарган.

 

Exit mobile version