ЖАМК: Исаков, Сатыбалдиев жана Авазов түзөттү абактарына жеткирилди

ЖАМК: Исаков, Сатыбалдиев жана Авазов түзөттү абактарына жеткирилди

Мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевди №47, Сапар Исаковду №8 жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду №27 жалпы режимдеги түзөтүү абактарына которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгилүү болгондой, 22-апрелде аталган кызматтын  комиссиясынын чечими менен жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 23-апрелде жогоруда айтылган абактарга жеткирилген.

«СИЗО-1дин учурда бардык камералары толуп калды. Ал эми убактылуу кармоочу жайларда отурган адамдар СИЗОго алынып келиниши керек. Мындан улам жаза өтөө режими жана орду аныкталган жарандар бүгүн, 23-апрелде Чүй жана Бишкек шаарындагы абактарга жайгаштырылды» — деп маалымдашты басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу күнөөлү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>