ЖАМК Камчы Көлбаевдин 47-абакта жайыл дасторкондо отурган видеосуна түшүндүрмө берди

ЖАМК Камчы Көлбаевдин 47-абакта жайыл дасторкондо отурган видеосуна түшүндүрмө берди

Бүгүн, 11-ноябрда социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 абакка которулган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин аталган абактын короосунда башка эркинен ажыратылган адамдар менен чогу жайылган дасторкондун жээгинде отурганы тартылган видео жарыяланган.

Тасмадан узунунан жайылган бир нече дасторконду тегеренип жүздөгөн адамдар жана алар менен кошо Камчы Көлбаевдин отурганын көрүүгө болот.

Бул видео боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түшүндүрмө берип, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган видео 2020-жылдын 5-ноябрында тартылганы аныкталганын билдирди.

«Бул күнү түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан планга ылайык, спорттук иш-чаралар уюштурулган. Ошондой эле түшкү тамактануу катары дасторкон даярдалган. Анда спорттук иш-чаранын жыйынтыктары жүргүзүлүп, «Бабаларды эскерүү күнүнө» карата куран окутулган. Аталган факты боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анда 10 жылга эркинен ажыратылган соттолуучу А.Н.га тиешелүү уюлдук телефон табылган. Ал видеого тартканы үчүн 1 айга камерага киргизилген. Мындан тышкары уюлдук телефонду колдонууга жана алып жүрүүгө жол берген кызматкерлерге карата ЖАМКнын ички текшерүүсү башталды», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>