ЖАМКга жаңы жетекчи дайындалды

ЖАМКга жаңы жетекчи дайындалды

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жетекчи болуп Аскат Эгембердиев дайындалды.

Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин бул кызматты Мелис Турганбаев аркалап келген. Ал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынан талапкер болуп катышкан. Шайлоого аттанганда милдетин убактылуу тапшырган, бирок 6-октябрдагы башаламандыкта кайра кызматына кайтып барганы айтылган эле.   

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>