Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караган Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде дагы бир жоокер каза болду.
ЖАМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, жоокер 5-ноябрь күнү кечки саат 21:30 чамасында каза болгон.
“19 жаштагы кенже сержант Кадамжай районунунан аскерге чакырылган. Ал өзүн жаман сезип жатканын айтып, жерге кулап түшкөн бойдон өзүнө келген эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Аскер прокуратурасы сержанттын өлүмүнүн себептерин изилдеп баштады”, — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 4-октябрь күнү Новопокровкадагы №3 абакты кайтарган Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин дагы бир жоокери каза болгон.
ЖАМК адегенде жоокер токко тартылып каза болгон деп, кийин жүрөк оорудан улам каза болушу мүмкүн деген маалымат тараткан.