ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев дүйнө чемпиону болду (видео)

ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев дүйнө чемпиону болду (видео)

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Ушул күндөрү Грузияда өтүп жаткан мелдеште Турганбаев 56жаштан 60 жашка чейинкилер арасында 78 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун сайты кабарлагандай, Турганбаев чейрек финалда украиналык Сослан Адыхаевди, жарым финалда казакстандык Турпарали Сулиминовду утту. 

Финалда АКШ өкүлү Жорж Бредли Шварцты 4:0 эсебинде жеңип алтын медал тагынды.

Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында 2016-жана 2018- жылы  коло медал тагынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>