ЖАМКнын төрт кызматкерине коронавирус жукту

ЖАМКнын төрт кызматкерине коронавирус жукту

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрт кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-майда брифингде билдирди.

Анын айтымында, бирөө Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкери, калганы башка түзөтүү абактарында иштеген кызматкерлер.

“Учурда алар Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жатышат. Абалдары жакшы. Алар менен байланышта болгондордун баары лабораториялык иликтөөдөн өткөрүлүп жатат”, — деп билдирди Үсөнбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>