ЖАМКнын тергөөчүсү пара менен кармалды

ЖАМКнын тергөөчүсү пара менен кармалды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдерет.

Маалым болгондой, 12-ноябрда ЖАМКнын кызматкерине чара көрүү өтүнүчү менен О.Н. аттуу жаран ИИМдин ички иликтөө кызматына кайрылган.

Анын айтымында тергөөчү сот иштерин оң жакка чечип берүү үчүн 20 миң сом пара талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде тергөөчү Бишкектеги кафелердин биринде пара алып жаткан жеринен кармалган.

Бул факты “Пара талап кылуу” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>