Жанар Акаев: Абдылдаевди ЖК төрагасы катары тааныбайбыз

Жанар Акаев: Абдылдаевди ЖК төрагасы катары тааныбайбыз

Төрт партиянын «Акыркы үмүт»  саясий бирикмеси Мыктыбек Абылдаевди Жогорку Кеңештин төрагасы катары тааныбайт.  Бул тууралуу Жанар Акаев аталган саясий бирикменин лидерлери өткөргөн маалымат жыйында билдирди.    

“Жыйырма киши менен шайланган өкмөт, спикер болбошу керек. Мыктыбек Абылдаев кесипкөй инсан, анын төрага болушуна каршы эмеспиз. Бирок аны азыр төрага катары тааныбайбыз”, — деди Акаев. 

Бүгүн, 9-октябрда «Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Реформа» саясий партиялары «Акыркы үмүт» деп аталган меморандумга кол коюп, биригишти.  Алар убактылуу өкмөттүн жетекчилигине Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин алып чыгууда. 

Саясий бирикме Садыр Жапаровду премьер-министр катары тааныбай тургандыгын билдирип, анын шайлануусун мыйзамсыз деп аташты.

6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты төрагалыктан кетүү тууралуу арыз жазган Дастан Жумабековдун арызын кабыл алып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлашкан. 

Мындан кийин өкмөт башчылыктан кетүү тууралуу арызын берген Кубатбек Бороновдун да арызын кабыл алышып, анын ордуна   Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

Жыйынга 62 депутат катышканы айтылып, иш жүзүндө канча эл өкүлү катышып, канчасы добуш бергени белгисиз.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>