Site icon Reporter.kg

Жанар Акаев: Атамбаевдин Орусияга учушу өлкө үчүн жагымсыз көрүнүш

Мыйзам карапайымдар үчүн өзүнчө, саясатчыларга өзүнчө иштегени өкүндүрөт — деп  Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Атамбаевдин  Канттагы  авиабаза аркылуу Орусияга учуп жатканына карата өз оюун  “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Эл өкүлү бул окуя өлкө үчүн эң жаман көрүнүш болгонун жашыгран эмес.

“Орусиядан бир эле звонок менен маселе чечилсе, эмнеге Кыргызстандын эн жогорку бийлик бутактары экс-президенттин макамын, айыбын элдин көнүлүн буруп эки жума талкууладык, сүйлөдүк дейм да. Абдан жаман прецедент түзүлдү! Мындан ары ички саясий тирештер, оппозиция-позиция мамилесин чечиш үчүн бардык саясий күчтөр Москвага ачык эле чуркашабы? Мыйзам карапайымдар үчүн өзүнчө, саясатчыларга өзүнчө иштегени өкүндүрөт. Эгемен, көз карандысыз мамлекет болушубузга далай жылдар бар окшойт”, — деп жазган Акаев.

Exit mobile version