Site icon Reporter.kg

Жанар Акаев чек арадагы үй-бүлөгө “Жигули” сатып берүү үчүн акча чогултууда

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Баткен облусунун чек арадагы айылдарынын биринде жашаган үй-бүлөгө “Жигули” үлгүсүндөгү автоунаа сатып берүү үчүн каалоочулардан акча чогултууда. Бул тууралуу эл өкүлү өзү “Фейсбук” баракчасына жазды. 

Ага ылайык, депутатка чек арада жашаган үй-бүлө жумуш жок кыйналып жатышкандыгын, “жигули” сатып берсе аны менен эл ташып жан багууну көздөп жатышкандыгын айтып кайрылган.

Акаев өзү бирөөгө автоунаа сатып бергенге каражаты чектелүү экенин, андыктан каалоочулар болсо аз-аздан чогултуп, муктаж үй-бүлөгө автоунаа сатып берели деп демилге көтөргөн.

Exit mobile version