Site icon Reporter.kg

Жаңы «Ак үйдө» мурдагы өкмөт башчы Апас Жумагуловдун сүрөтү илинет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Кыргызстандын баатыры, мурдагы өкмөт башчы Апас Жумагулов жана анын жубайы менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы «Ак үйдө» — «Ынтымак Ордо» имаратында өткөн жолугушуу учурунда Садыр Жапаров Апас Жумагулов Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салым кошконун, айрыкча, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун тапканын белгилеген. Жапаров Апас Жумагуловдун жетекчилиги астында өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн айткан.

Жапаров Апас Жумагулов сыяктуу көрүнүктүү инсандардын жана мамлекеттик ишмерлердин портреттери мамлекеттик мекемелердин дубалдарында илинип турушу керектигин сөз кылып, Жумагуловдун 90 жылдыгына карата «Ынтымак Ордонун» далисинде анын сүрөтү илине турганын билдирген. Сүрөттү даярдоо үчүн президенттин фондунан атайын акча бөлүнөт.

Exit mobile version