Site icon Reporter.kg

Жаңы ат майдан кайсы жерде курулары белгилүү болду

Жаңы ат майдандын аймагы 200 гектарды түзөт. Бул тууралуу бүгүн анын курулушун баштоо аземинде айтылды.

Ал дагы «Ак кула» деп аталып, башкы бөлүгү 20 миң орундуу,  көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орундуу болот.

Ат майданынын имараты көп функционалдуу болот. Анын ичинде соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан эске алынган, кыскасы комплекстин жыл бою иштөөсү үчүн бардык шарттар каралган. Ат оюндарына келүүчүлөрдүн коопсуздугу да эске алынган.

Мындан башка ал долбоордун алкагында көмөкчү жана чарбалык имараттар: сарайлар, устакана, ветеринардык оорукана, карантин жана башка ушул сыяктуу жайлар да салына турганын кошумчалады.

Ипподром Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат.

77 жыл мурда курулган «Ак Кула» ат майданы аукционго коюлду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version