Жол коопсуздугуна байланыштуу жаңы эрежелер күчүнө киргенден кийин айдоочулар тартипти сактап калганы байкалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине караштуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 8-марттан тарта жаңы эрежелер кирген. Жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузган айдоочулар кайра сынак тапшырат.
— унаанын номурун атайын жаап алса, же номеринин бирөөсү жок башкарса;
— инспектор автоунааны токтоткон учурда анын талабын аткарбай качып кетсе;
— каршы кыймыл тилкесине чыгып, озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу сыяктуу, адамдын ден соолугуна зыян, өмүрүнө коркунуч жараткан жол эрежесин бузган учурда;
— ошондой эле, алкоголдук ичимдик ичип, унаа башкарып кармалгандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;
— статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, спирт ичимдигин ичип, унаа башкарган учурлар майрам күндөрү көп катталат.
2023-жылдын 8-март күнү Бишкек шаарында алкоголь ичип, унаа башкарып кармалган айдоочулардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу үч эсе азайган.
Бишкек шаары боюнча:
— 2021-жылы — 18 эреже бузуу катталган;
— 2022-жылы — 20 эреже бузуу катталган;
— 2023-жылы — 7 эреже бузуу катталды.
Мас айдоочулар күбөлүктөн ажырайт, айып пул көбөйдү. Жаңы эрежелер
Биздин Телеграм каналга катталыңыз