Site icon Reporter.kg

Жаңы окуу жылында бирдиктүү мектеп формасы талап кылынат

Кыргызстанда жаңы окуу жылында мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү форма талап кылынат. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жыйын учурунда билдирди.

Анын айтуусунда, жаңы окуу жылынан баштап бирдиктүү мектеп формасы талап кылынат. Эгерде бирдиктүү форма алууга мүмкүнчүлүктөрү жоктор астына кара, үстүнө ак кийсе болот.

Белгилей кетсек, бирдиктүү мектеп формасы 2015-жылы кирген. Ал пандемия башталгандан бери талап кылынбай калган.

Exit mobile version