Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Жаңы социалисттик реализм-3” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Нюргуяна Иннокентьева, Арууке Садыкалы кызы, Саркын Соромбаев, Өмүркул уулу Базаркул, Таалайбек Усубалиев, Шкурпела Константин көрүүчүлөргө өз эмгектерин тартуулашты.
Бул реалисттик чыгармалардын көргөзмөсү. Абстрактуу адамды, абстрактуу сулууну жана абстрактуу сүрөтчүнү кезиктирбейсиң. Кыргызстандын сүрөт искусствосуна бул чоң теманы кайтаруу аракети. Булар сүрөтчүлөрдөн терең билимди, тарыхты изилдөөнү, эскиздер менен көпкө ойлонулган эмгекти талап кылган чыгармалар. Бул социалисттик реализм эмес! Бул Жаңы социалдык реализм, посттоталитардык коомдо сүрөтчүнүн ролуна жаңы мамиле. Коомдогу актуалдуу маселелерди чагылдырган чыгармаларды көрүүгө болот.
Көргөзмө буга чейин 3 жолу өткөн, бирок айрым сүрөтчүлөр бул долбоорго биринчи жолу катышууда. Иш-чара Төлөн музейи менен «Билимкана» коомдук фондунун Posttotal кыймылынын бир бөлүгү катары өткөрүлдү.
Долбоордун катышуучуларынын бири эң чоң эмгектин автору Константин Шкурпела жаңы соцреализм чындыкка алып баруучу көркөм агым экенин айтты. Революциялар темасындагы узак мөөнөттүү көргөзмө.
“Биякта элдин кандай жашап жатканы, алардын тилеги, үмүтү тууралуу темалар чагылдырылган. Бизде буга чейин 3 революция болду, мамлекет төртүнчү бешинчиге туруштук бере албай, ыдырап кетиши мүмкүн”- деди ал.
Сүрөтчү Семён Чуйковдун «1916-жылдагы көтөрүлүш» картинасына айрым деталдарды өзгөртүп ремейк жасаган.
«Мага сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен баамдагандарымды айтып берейин. Бүгүнкү күндө биздин жашообузга абдан активдүү кирип жаткан диний радикализм менен кандайдыр бир тенденция менен байланышкандай сезилди. Бул коом үчүн кандайдыр бир белги, бирок адамдар өздөрү түшүнүп, коом активдүү радикалдашып жатканына кандай жооп кайтарууну чечиши үчүн абдан салмактуу белги. Биз дүйнөгө өзүбүздүн тарыхыбыз, өз каада-салтыбызды сактап, Кыргызстан аны толугу менен өнүктүрүүсү керек», — деп өз таасири менен бөлүштү.
Дагы бир сүрөтчү Саркын Соромбаев өзү тарыхка жакын экенин, чыгармалары дин темасына арналганын айтты. Алардын биринчи көргөзмөсү эркин тема болгон. Ал эми экинчи көргөзмөсү революцияларга арналса, ошол эле маалда үчүнчүсү динге көңүл бурган.
«Дин чоң күчкө ээ, ал биздин тарбиябызга таасир этет. Ар бир адамдын өзүнүн Кудайы бар. Кыргыздардын жаратылышка, дүйнөгө, учурга карата өзүнүн дүйнө таанымы бар. Адамзат бар болсо, дин да болот. Диндин мааниси жана формасы өзгөрүшү мүмкүн, бирок негизи бир»-деди.
Музейге келгендер адамдарды жакшылык, искусство, маданият менен өзгөртүү керек, шыктануу, жетишкендик менен көз карашты өзгөртүүгө болоорун белгилешти. Музей аркылуу да салым кошууга болоору кошумчаланды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда