Бишкете Жаңы жыл түнү коомдук унаалар түнгө чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Коомдук унаалар 1-январга караган түнү саат 03:00гө чейин иштейт. Каттамда 1200 миң автобус тең болот.
«Мындай чечим шаардыктарды майрамдан кийин үйүнө жеткирүү жана жаңы жылдык маанай менен калаа тургундарына шарт түзүү үчүн кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.
Мэрия жол тыгыны болбошу үчүн жарандарды коомдук унаага түшүүгө чакырат.
Ошондой эле шаар бийлиги кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт!