Site icon Reporter.kg

Жаңы жылга карата өлкө боюнча 10 миңдей милиционер тартип карайт

Жаңы жыл майрамына карата Кыргызстанда 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартип жана коопсуздукту карайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, милиция 30-декабрдан 2-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Бүгүн өлкө боюнча, анын ичинде Бишкекте милиция кызматкерлеринин саптык кароолору болуп өттү. Анда милициянын майрам күндөргө карата даярдыгы текшерилди.

Exit mobile version