Site icon Reporter.kg

Жаныбек Бакчиевдин абакта кармоо мөөнөтү узартылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиевдин бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Ал 23-февралга чейин абакта кармалат.

Белгилей кетсек, Жаныбек Бакчиев Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча баңгизатты таркатуу үчүн аны жасоого шектелүүдө.

Аны УКМК октябрь айында кармаган.

Бакчиев Жогорку Кеңештин  VI чакырылышында «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version