Жаныбек Исаев: “Кыргызстан” партиясы өлкө экомномикасына өзгөчө салым кошуп келет

Жаныбек Исаев: “Кыргызстан” партиясы өлкө экомномикасына өзгөчө салым кошуп келет

Жаныбек Исаев “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Ал 1983-жылы Нарын облусунда төрөлгөн. Бир нече жыл ири өндүрүш компанияларын жетектеп, ишкерлик менен алкетенген. 2018-жылдын июнь айынан бери «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңеште депутат.

Каарманыбыз “Кыргызстан” партиясынын өзгөчөлүктөрү жана максаттары менен ой бөлүштү.

Сиз “Кыргызстан” партиясы тууралуу кыскача айтсаңыз?

— Бул партия ишкерлерден куралган партия. Менин баскан жолум, баштаган ишим баары ишкерчилик менен байланыштуу. Өлкөнүн өнүгүүсү да ишкерчилик менен айкалышып турат. Ошондуктан идеялаш, жана пикирлеш адамдар менен канатташ болуп, мамлекеттин өнүгүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде салым кошолу деген максатта ушул партияны тандап алдым.

— Бул партия элге берген убадаларын кандай аткарууда? 

— Бул партия быйыл экинчи жолу парламенттик жарышка аттанып отурат. Партиянын максаты келечектүү. Биздин элге берген убадаларын пландуу ишке ашырып келе жатат. Албетте баарын жүзөгө ашыруу оңой эмес. Бирок «Кыргызстан» партиясы айтылган убадаларды аткарат деп ишендирип кете алам.

“Кыргызстан” партиясы эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

— Кыргызстан партиясында мурдагы чакырылыштын депутаттарынын дээрлик 80 пайызы кайрадан ушул партия менен аттанышты. Демек партияда биримдик жана туруктуулук бар. Башка партиялардан бекемдиги, туруктуулугу, иштин жолун билген ишкерлердин көптүгү менен өзгөчөлөнөт.

Мамлекеттик сизстеманы өзгөртүүгө сиздердин партия кандай салым кошот?  

— Биздин партиянын негизги максаты өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздап, жарандарга болгон баардык жакшы шарттарды түзүү болуп эсептелинет. Алардын ичинде калктын социалдык абалын оңдоо, аймактарды өнүктүрүү, ишкерчиликке колдоо көрсөтүү, медицина тармагын өнүктүрүү, билим берүүнү заманбап жолго салуу, коррупцияны ооздуктоо сыяктуу максаттарыбыз бар. Азыр дагы бул багытта тийиштүү мыйзамдарды сунуштап, иш аракеттерди жасап жатабыз. Биримдик, туруктуулук менен мамлекеттин бекемдигин сактап, өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөртүү киргизе алабыз.

 “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>